Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 5-мартта Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Али Кемаль Айдын менен жолугушту. КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушууда тараптар кыргыз-түрк мамилесинин азыркы абалы тууралуу пикир алышты. Жунусов 2015-жылы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу жана өткөрүүнү жандантуу боюнча биргелешип иш жүргүзүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары Түркияда кыргыз өлкөсүнүн, кыргыз жеринде Түркиянын маданият күндөрүн өткөрүүнү уюштурууну сунуштады.