Борбордук мечиттин жанындагы көчөдө жума намазын окууга тыюу салынды

Бишкектеги борбордук мечиттин түштүк тарабындагы Москва көчөсүндө жума намазын окууга тыюу салынды. Буга шаар тургундарынын нааразычылыгы себеп болгон. 
Шаар тургундары жума намазына баргандар мечитке батпай, Москва көчөсүнө чыгып намаз окуп жатканын, бул көрүнүш адамдардын жолдон өтүүсүнө тоскоолдук жаратып келгенин айтышкан. 
Ошондой эле жашоочулар жума күнү намаз убагында унаалардын туш келди токтогонунан улам унаа тыгыны жаралганын билдиришкен эле. Бүгүн, 6-мартта тартип көзөмөлгө алынып, намаз мечит ичинде окулду. Ошентсе да намазды бетон үстүнө чыгып окугандар да болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Xabibbullo
2015-03-06 22:03:28
Бул элдер намаз окубагыла деп нааразы болсо алардын суранычын аткарып кечирим сурап Аллахтан анан пайгамбар с.а.в салават айтабыз. Анткени ким айтса дагы намаз окуба деп сиз капаланбаныз ал адамга анткени сиз жактан Пайгамбардын сунноту тирилди. Маш Аллах
-1
Odik11
2015-03-07 00:13:36
Э Аллахым суроттогу бала кармап кайыр сурап отурган келинге жардамынды, ырыскынды аяба, ыйманын бекем кыл. Зееним кейип кетти. ....
0
Mech.kg
2015-03-07 02:22:05
Вай тобо москвада е москвада кочодо окуйбуз бишкекте окубагыла деген кимдер алар вай иииииии е моё
0
misha00
2015-03-07 03:36:29
кордунорбу орустарга ракмат трамвай автобусун токтотуп бизге жума окуткан жуздогон омондору коопсуздукту сактап!
+4
Asus77
2015-03-08 13:50:37
Эгер элде таразадан алдоо бар болсо, -аларга кургакчылык, ачарчылык жана падышасынын зулумдуктары балээ болуп тушот.(Ибн Мажа: 4019)
-1
Ibraxim
2015-03-08 13:57:30
Субаханаллах Россияда запрет кылбайтго болгону бир жарым саат болот . Москвада кочого батбай кетишет эч ким тоскоол болбойт .
0
beka.darysuu
2015-03-09 09:06:22
Булардын кучу айыпсыздарга гана жетет. Качан ыймандуу Кудайдан корккон бийлике жетишет экенбиз. Оо Аллах хидаят бере кор ушул бийликтегилерге.
-1
M89
2015-03-09 13:08:46
Элдин кыжырына тийбегиле. Убагында курула турган мечиттин акчасын жеп, жутуп сол чолтоко салбасанар мусулмандар минтип кочодо оонап жатпайт эле.
0
bander
2015-03-09 14:22:08
Элдин ыйман жолуна, жаштардын ыйман жолуна тушуп атканын коруп суйунуп шарт тузуп коюшпайбы? Башка мечиттерге деле батпай эшикте окуп атышат. Уят, Уят, Уят. Мечитке батпаса, мечиттин сыртына батпаса, жолго окубай каякта окуйт анан?
-1
etaj_rus79
2015-03-10 05:42:10
Эмне учун антишет ошол нааразы болгондор атеистерда болбосо курсант болбойбу сап кенейип жатканына кайра ошол намазга барган бир туугандарыбызга шарт тузуп бербейби кайра аларды кысмакка албай мен москвада жашайм даже бул жерде орустар жума куну чоон чоон кочолорун бекитипе беришет намаз окуу учун ага караганда биз мусулманбызго
-1
sezimai93
2015-03-10 08:36:47
Жолдон отуусуно тоскол болсо айланып башка жол менен отуп тура берсе болмок намаз окуугандарга тоскол болбой наборот намаз окууган адамдар тоскоол болуп атат дегени кызыкго
-1
X-peria
2015-03-10 10:16:17
Ким Исламга каршы чыкса, алар Аллахка каршы чыгыптыр...калганын Аллахка салдык...Амин...
-1
qursy
2015-03-10 11:13:40
Намаз окуп жаткан кишинин алдынан ким кесе отсо, ошол откондугу учун акыретте канча азап тартарын билсе, намаз окуган киши эгер 50 жыл турбай намаз окуса да, алдынан кесе отпой 50 жыл кутуп турмак.
-1
qursy
2015-03-10 11:41:41
Биздин башыбыз иштебейт, же тетири иштейт, кочодо кунуго кеч тайтайыыып турган жыналач кыздардга тыйуу салбай, хиджап кийгендерге тыйуу салат, анан Орусияда кенири окуйт намазды кочодо эч ким тыйуу салбайт, анан кыргыздар озу тыйуу салат ажайып да просто
-1
raku
2015-03-10 16:22:58
Ошол жерге жакын жашаган адамдарды дагы ойлош керек да, машиналар жолду тосуп алышканы аз келгенсип, тротуарлардын дагы толуп калышы ... Мечиттин ичинде жер жетишпей жатышса, арабдардын акчалары менен дагы мечиттерди курушсун. Ушинтип жүрүп бир араб өлкөсүнө айланмай болдук... Чын эле мечиттин жанынан өтүп баратсаң - баары чүмкөнгөн, сакалчан, дамбалчан адамдар - таң каласың, бул Кыргызстанбы же Араб өлкөсүбү деп?...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан