"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Базар-Коргондо аялдарды 8-Март майрамы менен куттукташты

Бүгүн, 6-мартта "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана депутаттар Гүласал Садырбаева, Сайдулла Нышанов Базар-Коргон районунун борборунда 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттукташты. Майрамдык салтанатка 350дөй айым катышканын аталган партиядан билдиришти.
Өз сөзүндө Өмүрбек Текебаев бардык айымдарды майрамы менен куттуктап: "Дайыма сиздердин үйүңүздөрдө кубаныч ийгилик, тынчтык жана ынтымак өкүм сүрсүн. Ылайым сиздердин бардык жакшы ой-тилектериңиздер ишке ашсын. Сиздердин жана жакындарыңыздын ден соолукта болушуна тилектешмин",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан