Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 6-мартта кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча кыргыз мамлекети менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүп, ага кыргыз тараптан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган делегация катышты. Маматалиев кыргыз өлкөсү Тажикстан менен көп тармактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты. "Эки мамлекеттин тең улуттук кызыкчылыктарына жооп бергидей кылып эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү кыргыз-тажик элдеринин кылымдардан берки каада-салтына негизделет",- деди Маматалиев.
Айта кетсек, сүйлөшүүлөр бүгүн, 7-мартта да улантылат.