Борбор калаадагы "Ош базарында" гүл сатуучу жайдын аянты быйыл бир аз кеңейгендей. Майрамдын көркүн ачкан гүлдөрдүн баасы да былтыркы жылга салыштырмалуу 20 сомдон 50 сомго чейин кымбаттаптыр.
Көп жыл бою гүл сатуу менен алектенип келген Елена аттуу айымдын айтымында, быйыл гүл эле эмес, бардык азык-түлүккө болгон баа да акырындан өсүүдө.
"Бул жыл доллардын курсунун өсүшү менен башталды. Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү Кытайдан алынып келет. Голланд розалары менен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялзатынын сүйүктүү гүлү жоогазынды да Голландиядан алабыз. Долларга болгон баа көтөрүлүп жаткандыктан, быйыл гүлдөрдүн баасы 50 сомго чейин өстү",- дейт Елена айым.
Былтыр базарларда Кытайдын розасынын бир даанасы 60 сомдон 100-150 сомго чейин сатылса, быйыл ал 100 сом болуп жатат. Голланд розасынын кызыл түсүнүн 1 даанасы 150 сом, ак түстөгүсү 200 сомдон, ал эми "карнавал" сортундагы роза 250 сомдон сатылууда. Жоогазын 100 сом турат. Гвоздика былтыр 50 сомдон сатылса, быйыл анын баасы 80 сомго чыкты. Фрезия гүлүнүн бир талы 50 сомдон 100 сомго чейин, калла гүлү 100 сом, гүл дестелер 300-400 сомдун айланасында.