Бүгүн, 6-мартта Жалал-Абад мамлекеттик университетинде КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин катышуусунда “Милиция-коомчулук кызматташтыгы” аталышында форум болуп өттү. Окуу жайдан кабарлашкандай, ага өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева, УКМКнын облустагы башкармалыгынын башчысы Канжар Бакаев, облустук ИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков, ардагерлер, милициянын генералдары, дин өкүлдөрү, район-шаарлардын акимдери менен мэрлеринин орун басарлары, айыл аймак башчылары, аялдар кеңешинин төрайымдары жана жаштар коому катышты.
Министр Мелис Турганбаев акыркы мезгилде элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу максатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берип, аткарыла турган иштерди белгиледи. Ал эми жыйындын катышуучуларынан суроолор берилген учурда жаштар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо максатында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун, аймактык тескөөчүлөрдүн жана жол-кайгуул кызматкерлеринин штаттарын чечип берерин билдирди. Андан соң ал коомчулуктун милиция менен тыгыз иштешип жаткан активисттерин ИИМдин 90 жылдык мааракелик медалы, жаштар коомун Ардак грамота менен сыйлады.
Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анын аткаруу боюнча жыйынтыгы ушул жылдын жыйынтыгы менен каралары белгиленди.