Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 6-мартта Улуттук онкология борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүнө барып, дарылануудан өтүп жаткан балдар, алардын энелери менен жолугушту.
"Балдар - аялдар үчүн баарынан бийик баалуулук. Ар бир эне үчүн баласынын өмүрү өзүнүн өмүрүнөн да кымбат, энелер алар үчүн баарына даяр. Балдар жакында сакайып, жылмаюусу жана күлкүлөрү менен жанындагыларды кубантат деп ишенем. Кичинекей бейтаптар үчүн дарыгерлер колунан келгендин баарын жасашууда",- деди Ниязалиева.
Өкмөттүн резервдик фондунан Балдар онкогематологиясы бөлүмүнө 200 миң сом бөлүнгөнүн, бул акча оорулуу балдарга керектүү дарыларды сатып алууга жумшаларын кошумчалады вице-премьер.