Республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан 2015-жылдын январь-февраль айларында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтаруунун суммасы 567 миллион 22 миң сомду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган сумманын ичинен:
негизги карыз – 276 миллион 43 миң сом; пайыздар жана айып пулдар – 290 миллион 79 миң сом.
Чарба жүргүзүүчү субъекттер чет өлкөлүк кредиттер боюнча 317 миллион 51 миң сомго, бюджеттик ссудалар боюнча 297 миллион 71 миң сомго зайым каражаттарын жабышты. "2015-жылга бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайтаруудан болжол менен 2 миллиард 800 миллион 940 миң сомду түзөт, анын ичинде: негизги карыз – 1 миллиард 223 миллион 470 миң сом, пайыздар жана айып пулдар – 785 миллион 470 миң сом.