КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков айымдарды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргызстандык айымдарды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй: 

"Урматтуу мекендеш айымдар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП депутаттык фракциясынын жана өзүмдүн атымдан жаздын алгачкы күндөрү менен кошо келген 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Майрамдын келип чыгыш тарыхы да кызыктуу. Алгач аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктарын жакшыртуу, коргоо үчүн башталган иш-чаралар 1857-жылы 8-мартта, андан соң 1908-жылы 8-мартында АКШ да кенен орун алган. Акыры келип 1910-жылы Копенгагендеги Социалисттик аялдардын II эл аралык конференциясында Германиянын социал-демократиялык партиясынын сол канатынын жетекчилеринин бири Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген статус берилген.

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы да биздин күндөрдө аял менен эркектин тең укуктуулугу, аларга коомдо бирдей шарттардын түзүлүшү ал мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшүнүн бир жолу экенине ынанат. Кыргыз Республикасынын тарыхында аялдар өлкөнү башкарууда эмгек менен бийик тепкичтерге жеткени маалым. Учурда алардын татыктуу эмгегин улантуучулар ааламдашуу заманында ишкерликте, илимде, дегеле бардык тармактарда жаратмандык менен иш алып барышууда.

Аялдарга туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, акылгөйлүгү жана түшүнүктүүлүгү үчүн терең таазим этебиз. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк зор бакыт-таалай, жаркын маанай каалайм жана ойлогон ой-максатыңыздардын ишке ашышына тилектештигимди билдирем!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан