Кыргыз парламентинин демилгеси менен өтүүчү "Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери" аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын максаты - мыйзам чыгаруу жүрүмүндөгү мамлекеттик тилдин ролун аныктоо. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди. "Ошондой эле мамлекеттик тил мыйзамы боюнча талаш туудурган маселелерге мыйзам чыгаруу органынын, бийлик өкүлдөрүнүн, тилчи-адистердин өз ара пикир алышуусу аркылуу илимий негиздерди издөө максаты коюлууда. Талкууга алына турган маселелердин алкагына мыйзам чыгаруу тили, кыргыз орфографиясы, аталмалар, котормо кыйынчылыктары жаатындагы талаш-тартыштар кирет",- деп айтылат маалыматта. Конференциянын иши төмөнкү багыттар менен жүрөт:
- Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери;
- Орфографиядагы талаш маселелер;
- Терминология жана сөз жасоо маселелери;
- Котормо маселелери.