Өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев 6-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугушуп, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча 2014-жылы жасалган иштерди жана 2015-жылкы планды талкуулады. Мэр шаардын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу тууралуу маалымат берди. Анын билдиришинче, долбоорду ишке ашыруунун экинчи этабы жүрүп жатат жана курулушу быйыл күзүндө бүтөт.
Оторбаев көпүрөнүн сапатына көңүл буруу керектигин белгиледи. Мындан тышкары Ош шаарына инвестиция тартуу зарылчылыгын айтты. "Жеке инвесторлор Ош шаарындагы курулуштарга инвестиция салууга кызыкдар, анткени кыймылсыз мүлктүн бааларынын өсүшү байкалууда",- деди өкмөт башчы. Таза суу маселесине токтолгон шаар башчысы Ош шаарынын жашоочуларынын 100 пайызы 2016-жылы ичүүчү таза суу менен камсыздаларын билдирди.
Тараптар "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу тууралуу да пикир алышканын билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.