Кыргыз мамлекетинин абитуриенттери Түркиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу 6-мартта КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, Түркиянын Ондокуз Майыс университети 2015-жылдын 17-майында 27 өлкөдө 6 тилде сынак уюштурат (аталган окуу жайга кирүү сынагы). Бул сынак Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейинде өтмөкчү. Сынактын жыйынтыгы менен кыргыз жериндеги абитуриенттер аталган окуу жайга жана башка түркиялык 96 окуу жайга кирүү мүмкүнчүлүгүн алышары айтылды.
Бул сынакты өткөрүүгө жардамдашуу өтүнүчү менен Түркиянын кыргыз жериндеги элчилиги КРнын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды.