Кыргыз мамлекетинин ички иштер органдарында учурда 2120 аял иштейт

Ички иштер министри Мелис Турганбаев 7-мартта ички иштер органдарында иштеген аялдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Министр куттуктоо сөзүндө: "€œУрматтуу укук коргоочу, тартип сакчылыгында турган ажарлуу айымдар! Сиздерди жаркыраган жаз майрамы болгон 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм! Ички иштер органдарынын катарында азыркы учурда 2120 аялзаты биз менен тең тайлаша иштеп жаткан кези. Алардын 950сү аттестацияланган курамда, 750 офицер алардын ичинен 59у жетекчилик курамда эмгектенип, жалпы милиция курамынын 12 пайызын түзүп турат",- деп билдирди. Салтанаттуу жыйында бир катар айым кызматкерлерге атайын милициянын кезексиз наамдары, баалуу сыйлыктар тапшырылганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан