Бишкекте бүгүн өлкөдөгү жайыттарга байланышкан көйгөйлөр талкууланат

Бишкекте бүгүн, 10-мартта жайыттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча тегерек стол өтөт. ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, жыйынга парламент депутаттары, тармактык адистер, эксперттер катышып, демилгенин күнгөй-тескейин талкуулашат. 
Жайыттардан түшчү каражаттын 30 пайызын жергиликтүү бюджетке бөлүү демилгеленүүдө. Демилге аракеттеги мыйзамдарда жайыттардан жергиликтүү бюджетке түшчү каражаттын көлөмү так көрсөтүлбөгөндүктөн, аны 30 пайыз деп бекитүү максатында көтөрүлүп жатат. Андан сырткары жайыттарды туура эмес пайдалангандарды жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. 
Маалыматка таянсак, республика аймагында 9 миллион гектардан ашуун жайыт бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан