Дамира Ниязалиева баштаган делегация Нью-Йоркто аялдар маселеси боюнча БУУнун комиссиясынын жыйынына катышууда

Нью-Йорк шаарында 9-мартта БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 59-сессиясы ишин баштады. Ага кыргыз мамлекетинен вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева баштаган делегация катышууда. Баяндама жасаган Ниязалиева кыргыз жеринде гендердик саясат боюнча өкмөттүк эмес уюмдар жана эксперттерден мобилдүү жана профессионалдуу коомчулук түзүлгөнүн, гендердик тең укуктуулук боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканын айтты. 
Делегация курамы:
Дамира Ниязалиева - вице-премьер-министр;
Гүлбара Калиева - Жогорку Соттун төрайымынын орун басары;
Назгүл Бейшеева - Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы;
Таалайбек Кыдыров - кыргыз мамлекетинин БУУдагы туруктуу өкүлү. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан