Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алган.
Мыйзамдын максаты - кыргыз жеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда каржылоонун айрым булактарын аныктоону мыйзамдуу деңгээлде бекемдөө. Мыйзамда
киргизилген толуктоого ылайык, өкмөт бюджеттик
салык жана салыктык эмес кирешелери менен байланышкан
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды
түзүүнүн жана пайдалануунун атайын тартибин белгилейт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.