Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети бүгүн, 10-мартта мектеп, оорукана, тамактануучу жайлардын жана башка социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Буга чейин депутат Галина Скрипкина куралдарды бир гана социалдык мекемелерге жакын жерде эмес, турак үйлөргө жакын аймакта да сатууга тыюу салуу керектигин айткан. ИИМ өз кезегинде "эгер мындай тыюу салынса, борбор калаадагы бардык курал сатуучу жайлардын көбү жабылып калат, анткени алар турак үйлөрдүн имараттарында жайгашкан" деп жооп берген.