Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 2015-жылга карата планын иштеп чыгып, аны менен 10-мартта маалымат жыйынында тааныштырды. Министр 2015-жылы бала бакчаларды ачуу жана тарбиячыларга айлык төлөп берүү маселелери каралганын айтат. “2014-жылы бул үчүн өкмөттүн токтому чыгып, бирок каражаттын жоктугунан план ишке кирбей калган. Ага 62 миллион сом сарпталышы керек, биз Каржы министрлигине сунуш жиберип, 2015-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизилгенде ушул каражатты карап берүүнү өтүндүк”,- деди Сариева.