Бүгүн, 10-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети сугат жерлерине мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Демилгечилердин билдиришинче, бул мыйзам долбооруна ылайык, 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган 38 194 үй мыйзамдаштырылмакчы. Бул үйлөрдө жалпы 41 739 үй-бүлө жашай турганы айтылды.
Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, 1983-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде республиканын 32 районунун 217 айыл өкмөтүндө 13 478 гектар аянтка, анын ичинде 11 784 гектар сугат жерине өз билемдик менен турак үйлөр курулган.