Мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү сунушталууда
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 10-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү маселесине токтолду. Министр мугалимдерди сөзсүз медициналык кароодон өткөрүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатканын айтты. "Билим берүү жана илим министрлиги мугалимерди жумушка кабыл алып жатканда аларды тестирлөөдөн гана өткөрөт. Ошондуктан сөзсүз кароодон өтсүн деп Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуш кылдык",- деди министр айым.
Автор: Жамалидин ПарманкуловФото: Министрликтин басма сөз кызматы
Министрдин кабары жок окшойт, мугалимдер илгертеден эле медкароодон өтүп келишкен да. Августтун акыркы жумасында атайын убакыт берилет, анткени сентябрда жаңы окуу жылы башталат.Эң биринчи алар рентгендик текшерүүдөн өтүшөт, анан башкаларынан.
+1
bekos2012
2015-03-10 12:49:16
Ар жыл сайын окуу жылы башталгыча мед.кароодон отобузго, дагы кандай кароону сунуштап жатат биздин МИНИСТР...
+2
uulay
2015-03-10 20:38:06
Омеей бул министр кайсы кылымда калып калган?жогорку комменттерде жазылгандай окуу жылынын башында медосмотрдон отушот го. Эмне балээ кимдерге калганбыз?
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.