Кыргыз мамлекетинин өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграциянын шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Бул тууралуу 10-мартта Экономика министрлигинен билдиришти. Тийиштүү жарлыкка 2-мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон. Аталган документ менен төмөнкүлөр макулдашылды:
Жогорку Кеңештин тармактык комитети 100 миллион долларлык грант алуу боюнча кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы макулдашууну жактырды.
1. Казакстан тарап кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык союзга кошулуусунун алкагында жардам катары Кыргыз Республикасына 100 миллион доллар бөлөт.
2. Аталган сумма кыргыз өлкөсүнүн Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасында белгиленген иш-чараларды өткөрүүгө жумшалмакчы жана 100 миллион долларлык жардам кызмат көрсөтүү, жабдуу, товар, окутуу формасында да берилиши мүмкүн.
3. Кыргыз тарапка жардам берүү жана анын ишке ашырылышын көзөмөлдөө тартиби атайын протокол менен бекитилет жана башка.
Аталган макулдашуу документтеги бардык милдеттенмелер аткарылган учурдан тартып күчүн жоготот.