Саламаттыкты сактоо министри: "3 айлык курстарды аяктай калып, ийне саюуга адистешип алгандардын жоопкерчилигин күчөтүү керек"

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 10-мартта Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйындын темасы: "ВИЧ менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча өкмөт тараптан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 21-январындагы токтомунун аткарылышы".

Республикалык СПИД борборунун башкы директору Үмүт Чокморованын айтымында, 2014-жылы мультирепликатор деген команда түзүлүп, анын курамында аталган илдеттен жабыркагандар, врачтар менен социалдык кызматкерлер иш жүргүзүштү. 

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев: "ВИЧ дартынан жабыркаган балдарга 2011-жылдан бери 3 миң сомдон социалдык каражаттар төлөнөт",- деп билдирди. 

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, ВИЧ, гепатиттин “С” формасын жуктуруп албоо үчүн ар бир кош бойлуу эне эртелеп медициналык кароодон өтүп турушу зарыл. "Азыркы тапта көбүнчө мигранттардын арасында төрөтүнө аз калганда гана медициналык кароого кайрылышы абалды кыйындатууда. Медициналык кызматкерлер арасындагы 3 айлык курстарды аяктай калып, ийне саюуга адистешип алган жеке менчик клиникалардагылардын да жоопкерчилигин карашыбыз керек",- дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан