Кыргыз мамлекетинде учурда ВИЧ жуктуруп алган 527 бала бар

Кыргыз мамлекетинде ВИЧ менен жабыркагандардын 10 пайызын балдар түзөт же өлкөдө ВИЧ жуктуруп алган 527 бала бар. Маалымат 10-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин Ош шаарында өтүп жаткан көчмө жыйынында айтылды. Мунун ичинен 345 бала ооруну ийне аркылуу, 157си энесинен жуктуруп алган. 
2011-жылга чейин Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Ош шаарында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Жалал-Абад шаарында 2004-жылдан баштап 2009-жылга чейинки төрөлгөн балдарды текшерүү чечими кабыл алынган. Бардыгы болуп Ош облусунда 91 465 бала текшерилип, 125 баладан ВИЧ инфекциясы табылганы, алардын 94ү парентералдык жол менен, 16сы энесинен жугузушканы айтылды. Жалал-Абад облусунда 54 522 бала текшерилип, анын арасынан 18 ВИЧ инфекциясы табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан