Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бүгүн, 10-мартта Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Гао Юйшэн менен жолугушуп, кыргыз-кытай кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. ТИМдин билдиришинче, тараптар БУУ тутумун реформалоо тууралуу пикир алышышты. Бешимов аталган маселе боюнча кыргыз мамлекетинин позициясын билдирип, мүчөлөрдүн санын көбөйтүү менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тараптар бир пикирде экенин белгиледи.
Мындан тышкары БУУнун 70 жылдык мааракесине карата эл аралык кызматташтыкта пикир алышуунун зарылдыгын билдиришти.