Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Абдыманап Кутушев, Ыргал Кадыралиева жана башкалар Алай районунун борбору Гүлчөдө жергиликтүү тургундар менен жолугушту. ЖКдан 10-мартта билдиришкендей, депутаттар Гүлчөдөгү №4-бала бакчада балдарды тарбиялоо шарттары менен таанышышты. Бала бакчанын жетекчилиги имарат эскирип бүткөндүктөн, жаңы имарат куруп берүүгө жардам көрсөтүүнү өтүндү. Бүлөлүү айылдык кеңешинин депутаты Руслан Сарыбаев айылдык жаштарды айылдарда отурукташтыруу боюнча өкмөт атайын программа иштеп чыгышы керектигин айтып, жаштарга турак жай салууга жер бөлүп берүүнү тездетүү зарылдыгын билдирди.
Жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу, сугат суу тартыштыгы, спорттук залдардын жетишсиздиги, мугалимдердин айлыгынын аздыгы сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүшкөн.