Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 10-марттагы жыйынында өкмөт өкүлдөрү башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматовду айыпташты. Аны "аткезчилик жол менен жүк ташыгандарды коштоп жүргөн УКМКнын кызматкерлерин коргоп жатат" деп сындады Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров.
"Жүктү УКМКнын 3 кызматкери коштоп жүргөн. УКМКнын, Бажы кызматынын кызматкерлерине жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына кылмыш ишин козгоо үчүн бизге материалдар берилген. Бирок мага башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматовдон телефон чалуу болуп, ал УКМКнын кызматкерлерин жоопко тартпоону өтүндү. Менде буга далил: 215 секунддук сүйлөшүүнүн аудиосу бар",- деп билдирди Умаров.