Кечээ, 9-мартта Иран тараптын чакыруусу менен аталган өлкөдөгү кыргыз элчиси А.Осмоналиев Бушер провинциясында болуп, аймактын экономикалык жана энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу 10-мартта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Элчи иш сапарынын алкагында Экономикалык-энергетикалык зонага (Pars Special Economic Energy Zone) барды. Ошондой эле дүйнөдөгү ири мунайды кайра иштетүүчү жана жаратылыш газын чыгаруучу Түштүк Парстын иши менен таанышты. Провинциянын жетекчилиги менен кыргыз-иран соода-экономикалык алакасын жакшыртуу талкууланды.