Эрлан Абдылдаев 4 өлкөнүн элчилерин кабыл алып, алар менен иштешүүгө даярдыгын билдирди

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 10-мартта кыргыз жериндеги Босния жана Герцеговинанын элчиси Иван Барбаличти, Даниянын элчиси Томас Винклерди, Аргентинанын элчиси Пабло Ансельмо Теттамантини жана Кипрдин элчиси Георгиоус Касулидисти кабыл алды. Элчилердин Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн алды.
Абдылдаев дипломатиялык миссия башчыларын кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, элчилер өздөрүнүн өлкөсү менен кыргыз мамлекетинин кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенерин билдирди. Алар менен мындан ары иштешүүгө даяр экенин кошумчалады. "Тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык тармактарда мамилелерди өнүктүрүү тууралуу пикир алышты",- деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан