Жайыттардан түшчү каражаттын 30 пайызын жергиликтүү бюджетке бөлүүгө Жайыт комитеттеринин өкүлдөрү каршы

Бишкекте бүгүн, 10-мартта жайыт реформасына багытталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Бакиров жайыттарды деградациялануудан коргоо максатында мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгиледи. 

Жыйында жайыт пайдаланууну мындан ары өркүндөтүү үчүн жайыттардан түшкөн салыкты алып салуу жана трансформация боюнча мыйзамга, аңчылыкка лицензия берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар айтылды.

Жайыттардан түшкөн каражаттардын үчтөн бирин айыл өкмөтүнө берүүгө азырынча эртелик кыларын Жайыт комитеттеринин өкүлдөрү айтышты. Алардын билдиришинче, мыйзам кабыл алынып, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу эми гана жолго коюлуп келе жатат. Жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттын үчтөн бири айыл өкмөтүнө берилсе, ал каражат жайыттарды жакшыртууга эмес, айыл өкмөтүнүн башка муктаждыктарына жумшалып кетери айтылды.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен маселени 31-мартта дагы бир жолу талкуулоо чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан