10-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард 866 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 178 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 171 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 555 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 749 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 10-мартта суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 миллиард 849 миллион метр кубду түзгөн.