Тажикстанда окуп жатышкан кыргыз мамлекетинин студенттерине диний кыймылдардан абайлоо керектиги эскертилди

Кыргыз мамлекетинин Тажикстандагы элчилиги 5-6-мартта Дүйшөмбү шаарында КРнын ИИМинин 10-башкы башкармалыгы менен биргеликте аталган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Студенттерге мамлекеттин ички эрежелерин сактоо, экстремисттик, диний жана саясий кыймылдарга аралашпоо боюнча түшүндүрмө берилди. ТИМдин билдиришинче, ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев Борбор Азия өлкөлөрүндө диний экстремизмдин жайылуу тенденциясы тууралуу маалымат берди. Жаштар радикалдык исламчылардын курмандыгы болуп, Сирия жана Ооганстандагы согуштук чабуулдарга катышып жатканын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында студенттерди Тажикстандын мыйзамдарын бузбоого чакырды Мамбеталиев. 
Маалыматка таянсак, Тажикстандагы жогорку окуу жайларда учурда өкмөттөр аралык квота боюнча 140тай кыргыз өлкөсүнүн студенттери билим алышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан