Кыргыз Республикасынын Атайын багыттагы аскердик күчтөрү жана Индиянын аскерлери 11-25-март күндөрү биргеликте машыгуу өткөрүшөт. "Канжар-2015" аталышындагы машыгуулар тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.Эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик машыгуулары Токмоктогу аскердик бөлүктө өтөт. Индиядан 100дөн ашуун атайын багыттагы аскерлер бүгүн, 10-мартта Бишкекке келишет. Аскердик окутуулардын максаты тоолуу райондордогу согуштук аракеттерди жоюу максатында операцияларды жүргүзүү болуп саналат.