2012-жылдын башынан бери бюджетке түшкөн киреше 7 миллиард 737 миллион 384 миң 358,7 сомду, ал эми чыгаша 8 миллиард 603 миллион 844 миң 284,61 сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Февралдын башынан бери кирешелер 2 миллиард 325 миллион 517 миң 560,44 сомду түздү, чыгашалар болсо 4 миллиард 433 миллион 16 миң 834,45 сомду түзгөн.
Мыйзамга ылайык, 2013-жылдын республикалык бюджети жалпы кирешелер боюнча 89,3 миллиард сом жана чыгашасы 106,2 миллиард сом, дефициттин өлчөмү 16,9 миллиард сом деп бекитилген.