Балдар
бакчалары сыяктуу эле мектептер менен лицейлерди дагы медайымдар менен
камсыздоо керек. Муну 10-мартта парламенттин Социалдык саясат комитетинин Ош
шаарында өткөн көчмө жыйынында депутат
Карамат Орозова билдирди. Балдардын көйгөйү талкууланган бул жыйында депутат
Надира Нарматова Ноокат
районундагы ВИЧ илдетинен жабыркаган балдардын абалын эске салып:
"Алардын ата-энелери
Бишкекке улам каттап, беттерин чүмкөсө дагы өз укуктарын коргоонун
аракетин көрүшүүдө. Жергиликтүү шартта да алардын үнүн уга турган
бийлик органдары негиздүү иш жүргүзүшү керек",- деп билдирди.
Саламаттыкты
сактоо министри Талантбек Батыралиевдин билдиришинче, ВИЧ илдети
тууралуу иш алып барган эл аралык донорлор өз долбоорлорун жаба турган
болсо, абал кыйындашы мүмкүн. “Бул багыттагы иштин натыйжасын
камсыздоодо таасирдүү инвесторлорду тартуунун зарылчылыктары бышып
жетилди”,- дейт министр.