Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 10-мартта кыргыз жериндеги Бруней мамлекетинин элчиси Даруссалам Хаджи Махади бин Маидинаны, Фиджи Республикасынын элчиси Филимоне Кауну, Оман Султанатынын элчиси Саид бен Мохаммад аль-Барамини, Индонезия Республикасынын элчиси Анак Агунг Где Алит Сантикуну жана Чехиянын элчиси Элишка Жигованы кабыл алды. Аталган министрликтен кабарлашкандай, министр элчилердин Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн алды.
Э.Абдылдаев дипломатиялык миссия башчыларын кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, элчилер өздөрүнүн өлкөсү менен кыргыз мамлекетинин кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенерин билдирди. Алар менен мындан ары иштешүүгө даяр экенин кошумчалады. "Алар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык тармактарда мамилелерди өнүктүрүү тууралуу пикир алышты",- деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы.