Жоомарт Оторбаев менен Кубанычбек Кулматов Бишкекти 2015-жылы өнүктүрүү планын талкуулашты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 10-мартта Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушуп, тараптар борбор шаарда 2014-жылы жасалган иштерди жана 2015-жылкы планды талкуулашты. Өкмөт жетекчиси "Элдик көзөмөл" аттуу системди ишке киргизүүнү сунуштады.  
"Бул абдан ыңгайлуу систем. Шаардыктар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишиндеги кандайдыр бир мыйзам бузууларды тартып алышып, материалдарды интернет ресурстарына жиберишет. Мындай фактыга мамлекеттик же муниципалдык органдар ыкчам реакция кылышат",- деп билдирди премьер. 
Оторбаев шаардагы коомдук коопсуздук маселеси дагы эле курч бойдон экенин белгиледи. "Шаар жарандардын иштөөсүнө жана жашоосуна ыңгайлуу болушу керек. Милиция менен мэрия шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн күн сайын жарандар менен тыгыз иштешүүсү зарыл",- деди өкмөт башчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан