Маалыматка ылайык, 12-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейинки убакыт аралыгында Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Ала-Арча кичи районунда, Красный Строитель шаарчасында, Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик, Салам-Алик конуштарында жана бир катар ишкана-мекемелерде таза суу берүү токтотулат. Ага кошумча таза суу берүү Сафонов, Химиялык завод, "Чүй унаа бекет жана унаа станция" бирикмеси, Краснодонцев көчөсүндө жайгашкан Аскердик колледж, Биотехнология институту, "Электросила" кооперативи, "Бишкек турбаза", Шаардык кургак учукка каршы оорукана, "Бишкек жылуулук энергия” казаны, №18, 35, 33-орто мектептеринде, №12-бала бакчада, Панфилов, Баялинов көчөлөрүндө жана “Бишкек суу-канал” адистештирилген автобазасында да убактылуу чектелет.