Президент Алмазбек Атамбаев 11-мартта 9 өлкөнүн кыргыз мамлекетиндеги элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиргендей, мамлекет башчыга документтерин тапшырган элчилер төмөнкүлөр:
Бруней мамлекетинин элчиси Даруссалам Хаджи Махади бин Маидина;
Фиджи Республикасынын элчиси Филимоне Кау;
Оман Султанатынын элчиси Саид бен Мохаммад аль-Барами;
Индонезиянын элчиси Анак Агунг Где Алит Сантика;
Чехиянын элчиси Элишка Жигова;
Босния жана Герцеговинанын элчиси Иван Барбалич;
Даниянын элчиси Томас Винклер;
Аргентинанын элчиси Пабло Ансельмо Теттаманти;
Кипрдин элчиси Георгиоус Касулидис.