Темир Сариев: "Бажы союзуна кирүү облус экономикасын жандантууга мүмкүндүк берет"

Кыргыз мамлекетинин Бажы союзуна кирүүсү облус, айрыкча өлкө түштүгүндөгү облустардын экономикасын жандантууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Жалал-Абад облусундагы мекемелердин өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушууда айтканын министрликтен 11-мартта билдиришти. 
Сариев 2015-жылдын 9-майынан тартып кыргыз-казак чек арасындагы бажы органдары алынарын, мындан кийин өлкөнүн Евразиялык экономикалык союзга кирүү келишими толук күчүнө кирерин белгиледи. Министр аталган биримдиктеги өлкөлөр кыргыз мамлекети үчүн ыңгайлуу өнөктөштөр экенин айтып: "Тилди билебиз, бизде логистикалык борбор курулат, ЕАЭСтеги өлкөлөр биздин саясий, экономикалык, соода жаатындагы жакын союздаштарыбыз",- деп билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан