Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча 377 адам суракка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.
Анын айтымында, Камиланын өлүмү боюнча бардык версиялар текшерилген.
“Биз бул ишти кайрадан карап жатабыз. Учурда факт боюнча жакшы версия бар. Жакын арада жыйынтыгын көрөбүз”,- деди Мелис Турганбаев.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.