“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер бир катар мыйзам бузуулар менен өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйыны учурунда ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.
“Долбоордун даяр вариантын мага алып келишкенде көптөгөн күмөн ойлор жаралды. Ошондой эле тендерди өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар болгон. Мындай документке кол коё албайм, анткени ал эртең иштебей калышы мүмкүн. Бул деген чоң жоопкерчилик”,- деди Турганбаев.
Айта кетсек, январь айынын аягында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн тендерде кыргыз-орус биргелешкен "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү аталган. Тендерге "Dessa International S.R.L." (Молдова), "Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd." (Кытай), "Ozone Iletişim Teknolojileri" (Түркия), "Стилсофт Бишкек" (Кыргызстан), "Anteo Worldwide" (Швейцария) компаниялары катышкан.