Ырчы Самара Каримова жеке концертинде "Жетим кыздын монологун" аткарып көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзыды

Ош шаарында кыргыз эстрада ырчысы, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2014-жылдын супер дебюту” наамынын ээси Самара Каримованын жеке концерти өтүүдө. 

С.Ибраимов атындагы Ош драма театрында өтүп жаткан концертте ырчыга популярдуулукту алып келген “Сүлүктү”, “Сагынганда атамды”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” өңдүү кайрыктары жаңырып, ырчы репертуарындагы чыгармаларын гана аткарбастан, актрисалык талантын көрсөтүп жатат. Алсак, “Жетим кыздын монологун” жеткиликтүү аткарып бергенин күйөрмандары жүрөгү менен кабыл алып, көздөрүнө жаш алышууда.

Концертке келген коноктор Кыргыз Эл артисти Керим Турапов, КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, ырчылар Салима Балтаева, Гүлнур Асанова, Данияр Эрматов, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу,  “Чоро” тобу да чыгармаларын тартуулашты. Ал эми кечени тамада Жеңишбек Айтиев жана “Тамашоу” Лигасынын “No name” командасы алып барууда.

Бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Самара Каримова: “19 күнгө белгиленген концерттерим аншлаг менен өтүп жатат. Залга эл батпай, туруп алып көргөндөр болууда. Чакыруу билеттерин аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, Баатыр энелерге, карылар үйүнө тараткам. Кече төрт жарым саатка созулуп, алып баруучулардын кызыктуу тамашалары менен коштолууда. Конок ырчылар жана алып баруучулар күнүгө жаңылап жатышат. Балдарымды болсо апам карап берүүдө. Жаңы төрөлгөн Алиханды антракт учурунда эмизип жатам”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bema_bema
2015-03-11 16:25:26
Кечээ эле тороду элего
0
Jyrgal_msk
2015-03-11 17:28:39
Күйөөсүн филармониядан кууш керек экен.Майрам күндөрү башка ырчыларга бербей 19 күн концерт койгону эмнеси?Филармония анын менчиги эмесго.Билеттерди да ишканаларга зордоп берсе... Жаш наристенди торолтуп,анан койсон жетишет эленго.Уят эле Самара!
+8
X-peria
2015-03-11 20:01:02
Jyrgal_msk, ,биринчиден филармония эмес драмтеатр, экинчиден билеттерди зордоп бербей эле, тескерисинче элдер издеп таппай жатышат болсо биз да корсок деп концертти...андан кийин концерт эн мыкты денгээлде отуп жатат...а баласына келсек, ХХХ ХХХ ХХХ... Бардыгына озу жетишип жатат... ХХХ ХХХ ХХХ...
-3
admin_portal
2015-03-12 09:45:43
X-peria - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
zhykyo
2015-03-11 17:36:09
Айагында уну чыкпай калгыча ырдаган турбайы молодец
-1
elli_88
2015-03-11 17:46:06
акчанын артынан тушкон немелерго жаны торолгон ымыркайына карабай
+14
danyshman
2015-03-11 17:53:35
Сахнанын артына ото калсам уулу Алиханды эмизип жатканын коруп калдым,ийгилик демекчимин.
-1
azat_sokrat
2015-03-11 18:16:09
Эгер ушул ырчы кыз менин аялым болсо,той тойлобой уулума энелик ак сутунду уйдо отуруп бер деп айтмаквнда))))
+2
Nursultan.m.n
2015-03-11 20:34:16
супер инфо мумкун болсо ушул ырчынын омур баяны жонундо маалымат берип койунуздарчы
+2
st1m_
2015-03-11 21:53:27
Эки уч кун эл коп барат болуш керек зал толтура андан кийин....
0
tima_aiperi
2015-03-12 00:02:33
Байкуш ХХХ ХХХ ХХХ бир популярный болуп жатат жолдошудагы кой ХХХ ХХХ ХХХ Бунун айтканын кылып жататда
+1
admin_portal
2015-03-12 09:48:46
tima_aiperi - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
lale82
2015-03-12 09:24:18
мынча коро албайсынар тообо. уурулук кылып жатабы же кочодо ойсондоп эркектер менен ойноп жатабы? чон киши болсода ак никелуу куйоосу бар ,балдары бар,уну уккулуктуу,сулуулугу бар,элдин кызы самара. бир аз шашпай концерт берсе болмок баланды тындырып,озун дагы арка белин катканда 1 -байлык ден соолук деп коёт.жашсын мындай концерттин далайын бересин эл журт аман болсо.козунорго коконок .....тикенек деп коюп алдыга гана умтул.азаматсын!!!
-1
Nursultan.m.n
2015-03-12 09:25:41
супер инфо бул ырчынын омур баяны жонундо маалыматты кайдан алсак болот
0
admin_portal
2015-03-12 09:47:50
Nursultan.m.n, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтемелер аркылуу өтүп, окуй аласыз:
http://www.super.kg/article/?article=25919
http://www.super.kg/article/?article=27595
http://www.super.kg/article/?article=29411
0
burger
2015-03-12 10:50:17
Турган турпаты менен "Пиарщица" экен бул кыз. Озунун аяш атасына куйоого тийиптир деген создун арты менен элге таанылды. Болбосо конул буруп уга турган деле кыйраткан ыры жок экен. Эми минтип торогондон кийин эле концерт берип, болгондо да 19 кун. Кимге, эмнени доказать эткиси келди такыр тушунбойм. Же карыганда мактанып, укмуш озун чыгармачыл адам корсотуп, озун минтип курмандыкка чалдым деген соз болуш учунбу, айтоор билбейм. Эми сахнада кийинкисин концерт берип жатып, тороп салбаса эле болду.
+3
Shaa-82
2015-03-12 12:02:48
Кечээле кыркы чыгалек баласын таштап ... не акчага ошончо мукурап калганбы не .Эненин бактысы бала го . Баласын карап эмизип уйдо эле олтуруп турса болмок эл эч кайда качпайт болчу.
+1
beka1207
2015-03-12 12:40:25
Койсонорчу эми туугандар,бизди бироону сынатып эле койсо,эл кирсе бере берсин,бизден эмне кетип атат,зыяны жок го эми
0
Alesya95
2015-03-12 18:46:47
Акча учун жанын берген адам го баласын ойлобой. Башка ырчылардан улгу алса болмок кайрымдуулук концерт коюп, кайра элди коркутуп билеттерин саттырбай. Коооп элдин сенден конулу тушуп калды...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан