Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалымат топтоо боюнча Эстониянын тажрыйбасы тууралуу маалымат алды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 10-мартта Эстониянын юстиция министри Андрес Анвелт баштаган эстониялык делегацияны кабыл алды. Жолугушууда талкууланган негизги тема: "Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча эстондук тажрыйба". Сарпашев келерки парламенттик шайлоодо жаңы шайлоо технологиялары колдонуларын, негизги максат бир адамдын көп жолу добуш берүүсүнүн алдын алуу экенин айтты. 

Андрес Анвелт 10 күн мурун Эстонияда парламенттик шайлоо өткөнүн белгилеп: "Шайлоолордо добуш берүүчүлөрдүн үчтөн бири шайлоо участогуна келбестен, электрондук добушун берди. Башында нааразычылыктар болгону менен, бүгүнкү күндө Эстониянын жарандары биометрикалык маалыматты берүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүштү",- деп билдирди. 

Министр бул жаатта кыргыз өлкөсү менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалаганын өкмөттөн билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан