Бүгүн, 11-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында СССРдин жана КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунованын грим бөлмөсүндө залкар комузчунун көргөзмө-музейи ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара Самара айымдын 55 жыл эмгек өтөгөн Улуттук филармониянын жамаатынын куттуктоосу менен башталды. Филармониянын жетекчилиги тарабынан демилгеленген иш-чараны ачууга КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Сабиров катышты.
Көргөзмөгө улуу комузчу Самара Токтакунованын өмүрүн жана чыгармачылык жолун чагылдырган сүрөттөр, ар мезгилде алган сыйлыктары коюлду.