Бөдөш Мамырова "ата журтчу" депутаттарга: "Сармердениңерди фракцияңарда айтышкыла, бул жер парламент жыйыны!"

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошова "мени "Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен кетирүү аракети мыйзамсыз" деп билдирди парламенттин 11-марттагы жыйынында. Жолдошова бул маселе фракцияда каралбаганын, фракция лидерин бошотуу ачык добуш берүү менен чечилиши керектигин айтты. "Мени бошотуу боюнча канча депутат кол коюп бергенин билбейм, бирок 7 депутат колун кайра чакыртып алыптыр",- дейт депутат. 
Мындан кийин депутат Кантемир Мурзабеков буларды айтты: "Мен парламенттин бүгүнкү жыйынында фракциянын чечимин окудум, чечимди мен жалгыз кабыл алган эмесмин. Эгер фракциянын чечими туура эмес десе, анда юридикалык бөлүмгө кайрылып, маселени тактап алсын".
Вице-спикер Бөдөш Мамырова депутат Жолдошованы лидерликтен алуу тууралуу 20 депутаттын колу коюлган документ, ошол эле маалда 7 депутаттын колун кайра кайтарып алганы боюнча да документ бар экенин белгилеп: "Бул маселени фракциянын ичинде чечип алышыңар керек. Эртең фракциядагы бир депутат чыгып "биз бул адамды лидер кылып шайладык" деп, эртеси башка депутат "аны эмес, башкасын шайладык" деп чыкпайт деп ким кепилдик бере алат?"- деди.
Мындан кийин "ата журтчу" депутаттардын бири залдан кыйкырды эле, Мамырова "Сармердениңерди фракцияңардын ичинде айтышкыла, бул жер парламенттин жалпы жыйыны!" деген жооп узатты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан