Бүгүн, 11-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Аргентинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Пабло Ансельмо Теттаманти менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу сүйлөшүүлөр Аргентина менен кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы маданият, маалымат жана туризм багыты боюнча кызматташуунун негизи болорун айтып, эки өлкөдө аталган тармак боюнча өтүүчү иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.
“Аргентина – туристтерди кабыл алууга да, ошондой эле туристтерди башка жактарга жиберүүгө да жөндөмдүү мамлекет”,- деди элчи.
Министр кыргыз жеринде туризм өнүгүп келе жаткан тармак экенин белгилеп, бул багыттагы сунуштарды колдой турганын айтты. Андан соң жакынкы арада өтө турган маданий иш-чаралар – “Мейкин Азия”, “Арт Ордо” фестивалдары, кино жумалыктары тууралуу айтып, аргентиналык өнөрпоздор үчүн кыргыз өлкөсүнүн эшиги дайым ачык экенин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки өлкө ортосундагы алгачкы маданий кызматташуу кино жумалыктарынан башталары чечилди.