Унду премикс менен байытуу тартибин бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун парламент
3-окууда жактырды.
Долбоорго ылайык, өкмөт менен келишим боюнча жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына протокол түзүү, премиксти, байытылган унду алып келүү режимин, тендер
өткөрүүнү бузгандык үчүн күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселелери
боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизми каралган. Байытылган нан унун пайдалануу боюнча коюлган талаптар аткарылбагандыгы үчүн айыптын өлчөмү 50дөн 100 эсептик көрсөткүчкө чейин деп каралган.Эми бул мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.