Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын өзгөчө кырдаал учурундагы функциясы такталууда

Жогорку Кеңеште 11-мартта аскердик абал жана өзгөчө абал жарыяланганда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга катыша турган аскердик түзүмдөрдүн милдетин аныктоого багытталган конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Исмаил Исаковдун айтымында, “Аскердик абал жөнүндө”, “Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык мыйзамдарга "Генералдык штаб" деген сөз кошулуп, ошондой эле аскердик абал жана өзгөчө абал жарыяланганда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга катыша турган аскердик түзүмдөрдүн аталыштары такталууда.

КРнын Президенти "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы" катары, Коргоо кеңеши "конституциялык жана консультативдик орган" катары, Генералдык штаб "өзгөчө кырдаал учурунда Куралдуу күчтөрдү оперативдүү башкаруунун жана координациялоонун башкы органы" катары белгиленүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан