Жогорку Кеңеште кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча өткөн конференция аяктап, резолюция кабыл алынды

Бүгүн, 11-мартта парламентте “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин маселелери” деген темадагы республикалык илимий конференция жыйынтыкталды. Жыйындын катышуучулары мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери, орфографиядагы талаш маселелер, терминология жана сөз жасоо маселелери, котормо маселелери багытындагы секцияларда иштеп, мындан ары мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын ичинде мыйзам чыгаруудагы тилдин колдонулушунда орун алган көйгөйлөрдү жоюу багытында биргелешип иш жүргүзүү чечимине келишти. Конференциянын резолюциясы кабыл алынды. 
Резолюцияда мамлекеттик тилдин коомчулук арасында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, ченемдик-укук актылар менен расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу тажрыйбасын жайылтуу, эл аралык кызматташуу алкаларында мамлекеттик тилдин колдонулушуна өзгөчө көңүл буруу чаралары белгиленди.

Ошондой эле кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн, юридикалык атоолор менен түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу, кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги кемчиликтерди жоюу, аларды колдонуу процессин ыраатташтыруу чечими кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан