К.Токтосартов: "Ыплас жол менен акча тапкандардын коомдун пикирин өзгөртүүсүнө жол бербешибиз керек"

"Ата Мекен" партиясынын Бишкек шаары боюнча төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Камалдин Токтосартов адилеттүүлүк үчүн тынчтык митинги өткөрүлүп жатканын айтты. “З жыл мурун алган жеңишибизди бүгүн улантып жатабыз. Олигархтар жана башка ыплас жол менен акча тапкандар өзүнүн гезити, телевидениеси менен коомчулуктун оюн өзгөртүшүүдө. Буга жол бербөө керек. Бүгүн ачык жана акыйкат сөздөрдү элибизге жеткирели. Бизде андай маалыматтык куралыбыз да жок. Бизде эл гана бар”,- деди Токтосартов.    

Айта кестек, чогулган элдин катарына Москва районунан 100дөй адам келип кошулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан